Нурлан Конокбаев мамлекеттик цирктин директору болуп дайындалды

 

Нурлан Конокбаев мамлекеттик цирктин директору болуп дайындалды

Нурлан Конокбаев А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 13-октябрда, мамлекет башчысы Садыр Жапаров жаңы директор менен жолугушту.

Буга чейин Асланайым Аширова мамлекеттик цирктин директору кызматын 2024-жылдын октябрь айынан бери аркалаган. Цирктин коллективи анын дайындалышына байланыштуу нааразычылык билдирип келгени да маалым.

Арча медиа
09:49, 14-10-2026

Комментарийлер

Эркинбек Бижанов
Ишинизге йгиликтэрди каалайбыз ! Эн биринчи дэн соолук узаак омур Кыргыз Циркинин мындан нары дагы онуп оссуусуно тилектэшмин ! Кудайыбыз колдосун Цирк дэген оной олтон кесип эмес баардык жанрлар камтылган татсал искусство Акробатика, клоунадо,фокс ,жаныбарлар менен иштоо, клооундорго болсо актэрдук чеберчилик кыскасы толгон токой иштэр, кооп репетиция цирк артистэрине керек дэп ойлойм ! Кантсе да чыгармачылык мэенен иштоо жана чеберчилик менен аткаруучулук, жасалма эмес Цирк мындайды жактырбайт ! Мэнин кааларым дуйно элинин купулуна толсун!

Башка жаңылыктар