БШК шайлоо алдындагы үгүт тартибин бузгандарга эскертүү берди

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берилди. Бул тууралуу 19-октябрда Борбордук шайлоо комиссисы (БШК) кабарлады. Бул күнү БШКнын үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.

"Социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди", - деп билдирди БШК.

Жогорудагы жарандар сын-пикир, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти.

БШК бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырды.

Кыргызстанда президенттик шайлоо кийинки жылдын 27-январында белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча президенттикке талапкерден арыз алуу шайлоого 75 күн калганда, 13-ноябрда токтойт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 23-декабрдан 26-январга чейин жүргүзүлөт.

14:13, 19-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар