Бишкекте жылуулук качан бериле башталат
Бишкекте жылуулук качан бериле башталат?
Бишкекте жылытуу мезгилинин башталышы аба ырайынын шартын эске алуу менен аныкталат, деп билдирди калаа мэриясы.Жылытуу мезгилинин башталышы тууралуу маселени кароо үчүн күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штаб чогулат. Жыйындын жүрүшүндө учурдагы аба ырайынын шарты, муниципалдык ишканалардын жана тармактык кызматтардын даярдыгы, ошондой эле шаарды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелери талкууланат.
«Бекитилген эрежелерге ылайык, тышкы абанын орточо суткалык температурасы 5 сутка бою катарынан +8 градус жана андан төмөн болуп, андан ары температуранын төмөндөөсү байкалса, бул жылытуу мезгилинин башталышы тууралуу маселени кароого негиз болуп саналат.
Штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат. Андан кийин Бишкектин мэриясы жылытуу мезгилинин башталышы тууралуу буйрук чыгарат», - деп түшүндүрүштү мекемеден.