Өлкөдө акча адалдаган компанияларга 1 млн. сомго чейин айып салуу сунушталды

Өлкөдө кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн компанияларга 1 миллион сомго чейин айып пул салуу, айрым учурларда лицензиясын жокко чыгаруу жана ишкананы жоюу сунушталууда. Финансы министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, айып пулдун өлчөмү компаниянын акыркы 12 айдагы кирешесине жараша аныкталат. Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузган жетекчилер да юридикалык жактар менен катар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Мыйзам долбоорунда айып пул укук бузуунун түрүнө жана компаниянын кирешесине жараша белгиленген. Мисалы, кардарды текшерүү талаптарын бузган юридикалык жактарга 50 миңден 120 миң сомго чейин, ал эми санкциялык тизмедеги адамдарга каражат берүү же алардын активдерин тоңдуруу талаптарын бузган компанияларга 80 миңден 300 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталууда.

Ал эми кылмыштуу кирешелерди адалдоого же кылмыштуу ишти каржылоого катышкан юридикалык жактарга 1 миллион сом айып пул салуу жана айрым учурларда ишкананы жабуу каралган.

 

09:34, 21-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар