Депутат Кыргызстанда эртерээк атомдук электр станциясын курууга чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Кыргызстанда атомдук электр станциясын (АЭС) курууга даярдыкты мүмкүн болушунча тезирээк баштоого чакырды.

Анын пикиринде, АЭС өлкөнүн энергетикалык жана экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет.

"Албетте, ГЭС жакшы. Бирок гидроэнергетикалык потенциал канча убакытка жетет, 50 жылбы же 100 жылбы, бир кудай билет. Биздин келечегибиз — АЭС. Алар энергетикалык жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылат. Биз АЭС курууга даярдыкты азыртан башташыбыз керек", — деди депутат парламент жыйынында.

Ал Казакстан менен Өзбекстанда атомдук электр станцияларын куруу боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеп, Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн артта калбашы керектигин айтты.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков АЭС куруу мезгилдин талабы болуп жатканын билдирди. Ошол эле учурда ал калктын пикирин эске алуу жана тиешелүү адистерди даярдоо зарылдыгын, бул үчүн техникалык кафедраларды жана факультеттерди ачуу керектигин белгиледи.

Министрдин айтымында, учурда калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Эл колдогондон кийин станция курууга даярдыкты активдештирүү пландалууда.

2022-жылы Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы Кыргызстан менен Россия өлкөдө кубаттуулугу чакан атомдук электр станциясын курууну көздөп жатканын билдирген. Долбоор РИТМ-200Н реактордук орнотмосунун негизинде ишке ашырылышы мүмкүн экени айтылган. Кийинчерээк долбоорду негиздөө боюнча техникалык тапшырмага кол коюлган.

 

13:18, 21-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар