Итке таланган 6 жашар Умарга операция жасалды
Итке таланган 6 жашар Умарга операция жасалды
Бишкекте ит кол салгандан кийин башынан оор жаракат алган 6 жашар Умарга Түштүк Кореяда баш терисин калыбына келтирүү боюнча операция жасалып, ал үйүнө кайтты. Бул тууралуу Сеулдагы «Asan» медициналык борбору билдирди.
Эске салсак, 2020-жылы туулган бала 1-апрелде баш жана колу-бутунун териси тиштелип, шок абалда ооруканага түшкөн.
Апрелде Түштүк Кореядан медициналык топ жергиликтүү адистер менен тажрыйба алмашуу үчүн Кыргызстанга келген. Кыргызстандык дарыгерлер алардан жардам сурап кайрылышкан, андан кийин баланы Сеулда дарылоо уюштурулган. Бала Түштүк Кореяга 9-июлда барган.
Дарыгерлер баланын жабыркаган баш терисин санынын териси менен жамашкан. Операция 29-сентябрда жасалган. Дарылоого кеткен чыгымдарды «Asan» социалдык камсыздоо фонду жана медициналык борбор жапкан. 15-октябрда бала Кыргызстанга кайтып келди.