Айгүл Жапарова Самаркандда IMKON реабилитациялык борборуна барды
Айгүл Жапарова Самаркандда IMKON реабилитациялык борборуна барды
Биринчи айым Айгүл Самарканд шаарындагы өзгөчө муктаждыгы бар балдарга билим берүү жана реабилитациялык жардам көрсөтүүчү IMKON борборунун ачылышына катышты.
Иш-чара «Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу» аттуу Дүйнөлүк саммиттин жана Балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгресстин алкагында өттү.
Борбордо балдарга мектепке чейинки билим берүү, реабилитациялык, психологиялык жана коррекциялык-педагогикалык жардам көрсөтүлөт. Анда дарылоочу дене тарбиясы, акватерапия, музыкалык жана жомок терапиясы сыяктуу ыкмалар колдонулат.
Учурда Өзбекстанда мындай беш мекеме иштейт. Алардын ишмердүүлүгү мамлекеттик бюджеттен каржыланат.